Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭС жана күн, шамал электр станциялары курулат

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭС жана күн, шамал электр станциялары курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, учурда республикада энергетика тармагындагы кыйынчылыктар болуп жатат, алардын басымдуусу энерго жабдуулардын эскилиги жеткенине, электр энергиясынын импортуна жана кубаттуулуктун жетишсиздигине байланыштуу.

 

Премьер белгилегенде, биздин өлкөнүн суу энергетика тармагындагы потенциалы болгон 10 пайызга колдонулуп келет.