Дүйнө чемпионатын өткөрүүдөн ФИФА тапкан кирешенин суммасы белгилүү болду. Уюмдун президенти Джанни Инфантино билдиргендей, Катарда өткөн турнир федерацияга 10,5 миллиард доллар алып келди.
Муну менен ФИФА Россияда 2018-жылы өткөн чемпионатка салыштырмалуу, 1 миллиард долларга көп тапты. Дүйнө биринчилигинин чечүүчү беттеши кечээ өттү.
Катуу кыл чайнашта Аргентина акыркы мүнөттөрдө пенальти сериясы менен жеңишти Франция курамасынан тартып алды.