Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди

Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,

ЖЭБде энергетикалык жабдуулардын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен.

«Түндүкэлектр» ишканасынын подстанциясынын кабелдик линиясында чыңалуу болгон.

Мындан улам автотрансформатор өчүрүлүп, ЖЭБдеги жабдуулардын авариялык коргонуучу

системасы активдешти. ЖЭБдин казандары жана турбиналык генераторлор автоматтык түрдө өчүрүлгөн.

Авариялык клапандар иштеп, жабдуу ашыкча бууну бөлүп чыгарган.

Эч кандай жарылуу, өрт жана авария болгон жок, — деп кошумчалашты  ишканадан.