Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын жоготуп жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын жоготуп жатат.

АКШ валютасы өткөн аптада бир аз көтөрүлгөндөн кийин кайра арзандай баштады.

Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды орто эсеп менен 83 сомдон сатып алып, 84 сомдон сатууда.

Валюта кечээтен бери 2 сомго, жума башынан тарта 4 сомго арзандады.

Улуттук банк тарабынан расмий курс 83 сом 50 тыйын деп белгиленген.

Орус рубли да арзандоодо.

Аны сатып алуунун баасы бүгүнкү күндө 1 сомдон төмөн.