Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Министрлер кабинети билдиргендей, жыйында кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселеси талкууланды. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы кабарланды.