Жыл аягына чейин 40 райондун судьялары жаңы үйлөргө кирет.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соттор менен жолугушууда билдирди.
Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда соттор үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын эске салды. Маалыматка ылайык, учурда 300дөн ашуун үй курулууда.