Кыргызстан Түркияга эки учак гумжардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт

Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатыры жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтүлөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул самолет менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл нерселер жеткирилет.

Эске салсак, Түркиядагы жер титирөөнүн очогу болгон аймакта учурда 60тан ашуун кыргызстандык куткаруучу иштеп жатат.