Бишкектеги Биринчи Май райондук администрациясы диний мекемелерди толук кандуу текшерүүнү жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 11 мечитте укук белгилөөчү документтердин болушу, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы текшерилди.
Мындан сыткары Орозо айында таравих намазы жана жума намаздары күндөрүндө бет кап режими жана социалдык аралыктын сакталышы текшерилди.
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору тарабынан 4 жазуу түрүндө эскертүү берилип, 5000 сом өлчөмүндө айып салуу менен 3 протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун аймагында 55 диний уюм жана конфессия катталган, анын ичинен 11 мечит, 22 намазкана, 2 медресе, 2 иегова жамааты, 18 диний объект бар.