Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, казылар жана аксакалдар катышты.

 

Түлөөгө 2 бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы улантылат, — дешти муфтияттан.