Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтөт. Ал эми балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска барат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Ал түшүндүргөндөй, бул өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу аракетине байланыштуу. Ага ылайык, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.
Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке аша турганы боюнча толук маалымат бериле элек.