Бишкекте милиция кызматкери пара менен кармалды

ИИМ милиция кызматкери 31-майда 1000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын жана ал маңзат колдонгону аныкталганын билдирди.

7-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз түшүп, анын ээси милиция кызматкери сотко чейинки өндүрүш ишти чечип берүү үчүн акча талап кылып жатат деп даттанган.

Мекеменин маалыматында иликтөө учурунда тартип сакчысы жарандан 12 миң доллар пара талап кылганын билингени айтылат.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча катталган.

31-майда ИИМ менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети биргеликте жүргүзгөн операциянын алкагында 1000 доллар жана 20 миң сом алып жаткан жеринен милициянын ага сержанты А.А. колго түшкөн.

29-майда маңзат соодасына тиешеси бар деген шек менен Чүй облустук милиция кызматкери кармалган эле.