Ишкерлер үчүн бирдиктүү реестрде 160тай уруксат документи бар

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат кагаздарынын бирдиктүү реестри ачылганы тууралуу маалымат берилди. Экономика жана коммерция министрлигинин бидиришинче, бул маалымат порталында учурда 160тай документ бар жана дагы кошумчаланып, толукталат.

Реестр ишкерлерге жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда ишкерлер башкы тоскоолдуктардын негизгиси катары тиешелүү уруксат кагаздарын убагында чогултуу, андагы бюрократиялык жана коррупциялык жагдайлар, ошондой эле түйшүк-машакаттын көптүгүн айтып келишкен.