Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алуу иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алуу иштери уланууда.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан такташкандай, бул жолу жумуш Чүй жана Манас проспектиси менен Ош базарында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 53 көрнөк-жарнак демонтаждалды.

Ошондой эле, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ишкерлер тарабынан ыктыярдуу түрдө 18 көрнөк такталар алынды, — деп айтылат маалыматта.