Президент Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Анда эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу мамилелерден тышкары, өлкөлөр ортосундагы региондун күн тартибинде турган аймактык  өз ара аракеттенүүнү жандандыруу жана кеңейтүү жалпы чөлкөмдүн да, Борбор Азиянын ар бир мамлекетинин да өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.

Региондук интеграция маселелерине токтолгон Мамлекет башчысы кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес, кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.