Төө-Ашуудагы туннель мезгил-мезгили менен жабылууда

Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель мезгил-мезгили менен жабылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кусеин Көлбаев атындагы туннель унаалардын бардык түрүнө таңкы саат 4төн 6га, күндүз 10дон 12ге жана түшкү саат 2ден 4кө чейин эки тараптуу жабылып жатат.

Ведомство жүргүнчүлөрдү жолго чыгарда тамак-аш жана суу камдап алууга чакырат.