Данияда дүйнөдөгү биринчи Бакыт музейи ачылды

Данияда дүйнөдөгү биринчи Бакыт музейи ачылды. Анда ар кайсы мезгилге таандык эпохаларда адамдар бакытты кандай түшүнгөнү көрсөтүлөт. Музейди ачуу идеясы бакытты изилдөө институтуна таандык.

 

Ал ар кайсы өлкөлөрдүн жарандары эмне себептен бактылуу болгонун, ал эми айрымдары тескерисинче, бактысыз болгонун изилдейт. Музейге келгендерди кызыктуу экспонаттар күтөт, ал эми көрүүчүлөрүн реакциялары кийинки эскперименттерге колдонулат.