Бишкекте окуучуларды акысыз ташыган 10 автобус сатып алуу пландалууда

Бишкекте окуучуларды акысыз ташыган 10 автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Ал тиешелүү кызматтарга мектеп автобустарынын болжолдуу каттамын түзүп, алар балдарды кантип ташышы керектигин кароо тапшырмасын берди.

 

Бул максатта газ менен жүрө турган 10 автобус сатып алуу пландалып жатат.

 

Аларды тейлөө чыгымын мэрия өзүнүн балансына алат. Мектеп автобустары келе жаткан сентябрдан тарта кое берилиши мүмкүн.