Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда чыгарууга даяр

Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда чыгарууга даяр.

Бул тууралуу Өнөр жай мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Россияга болгон иш сапардын алкагында Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана

инвесторлору менен жолугушуу болду. Аталган долбоорду ишке ашырууга тиешелүү шарттар бар.

Ошондой эле өндүрүштүн стандарттарына туруштук бере алган компанияны аныктоо зарыл.

Мамлекет бүгүн фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өлкө бийлиги ишке үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында киришүү ниетинде