Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөгө акча которуулар көбөйгөнүн жарыялады

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөгө акча которуулар көбөйгөнүн жарыялады. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында эмгек мигранттары которгон акчанын суммасы 1 миллиард 700 миллион долларды түздү.

 

Бул 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 1,2 пайызга көп.