Ош облусунун Орке айылында жаңы мектеп колдонууга берилди. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Жапалак районуна караштуу Орке айылындагы мектеп 2020-жылдын май айында курулуп баштаган.
Ал 375 окуучуга чакталып, окуу класстары, спорт, акты залдары, компьютердик класс, лабораториялык кабинеттерден турат. Курулуш иштерине 986 миң доллар Сауд өнүктүрүү фондунан берилген насыядан алынган.