Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 3-майга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

 

Бул, өз кезегинде сел жүрүүгө алып келет. Андыктан, жергиликтүү тургундарга этият болуу сунушталат.