Бишкектеги Тез жардам станциясынын кызматкерлеринин маянасы июлда 40 пайызга жогорулайт

Бишкектеги Тез жардам станциясынын кызматкерлеринин маянасы июлда 40 пайызга жогорулайт.

Учурда алардын айлыгынын көлөмү 5 миң сомду түзөт, — деди Саламаттык сактоо жана социалдык

өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, айлыктын төмөндүгүнөн кызматкерлер

жумуштан кетишүүдө. Буга байланыштуу жетишсиздик 89 орунду түзөт. Дефицитти жоюу максатында

быйылтан тартып өлкөдөгү бардык медициналык окуу жайларында клиникалык ординатор жана

Тез жардам кызматынын дарыгерлерин даярдоого орун бөлүнөт.

Учурдагы бош орундар алардын эсебинен толукталат.