Бишкек мэриясы электробустарды кое берүүгө каражат булагын тапты

Бишкек мэриясы электробустарды кое берүүгө каражат булагын тапты. Азия өнүктүрүү банкы жана Каржы министрлиги менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

 

Ага ылайык, долбоор төрт этаптан турат.

 

Алгач зыяндуу калдыгы жок автобус паркы модернизацияланат. Бул этапта энергияны үнөмдөөчү заманбап аккумулятордук электр автобустарды, кубаттоочу инфраструктураны жана автобусту тейлөө үчүн шаймандарды сатып алуу пландалууда. Экинчи баскычта жаңы автобустар токтой турчу жайлар курулат. Үчүнчүдө унаанын мобилдүүлүгү үчүн пилоттук «жашыл» коридор түзүлөт. Долбоор 58,9 миллион долларга бааланат.