Бишкекте суу, газ, жана электр энергиясынын көрсөткүчтөрү онлайн түрүндө кабыл алынат

Бишкекте суу, газ, жана электр энергиясынын көрсөткүчтөрү онлайн түрүндө кабыл алынат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими жарыялангандыктан, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү шаардыктардын үйлөрүн кыдыра албайт.

 

Газ көрсөткүчтөрү 4444, электр энергиясыныкы 1209, суунуку 976944 номурлары аркылуу кабыл алынат. Эгер көрсөтмөлөр жиберилбесе, айдын орточо эсеби чыгарылып, кийин эсептелинет.