Алматы – Бишкек – Алматы аба каттамы жанданды.
Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей,
аба жолдору жумасына 7 ирет, күн сайын аткарылат. Эске салсак,
ордо калаадан Алматыга аба каттамдар белгилүү себептерден улам
январдын башынан бери жүргүзүлө элек болчу. Ал эми
Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан багытындагы учактар
ушул шаршембиден тартып каттап баштады.