Ошто кичи автобустардын каттамын эми жүргүнчүлөр уюлдук тиркеме аркылуу көрө алышат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, №125, 135 жана №107 маршруттук линиялар MiniBus уюлдук тиркемесинин электрондук системасын кошулду.
Алардын иштөө тартибин эми онлайн режимде көзөмөлдөсө болот. Жакынкы күндөрү № 143, 108 жана 118 маршруттук таксилер дагы кошулат.
Белгилеп кетсек, ордо калаада күн сайын жүргүнчүлөрдү ташууга линияларга 45 маршруттук каттам кое берилет.