Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жатат

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-октябрда Ормон хандын (Ормон Ниязбек уулунун) 230 жылдыгы белгиленип жатат. Ага президент Садыр Жапаров баштаган саясий-коомдук жана маданий ишмерлер катышууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анда Семиз-Бел айылында туу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу өңдүү иш-чаралар, улуттук оюндар өтөрүн билдирген.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, Ормон Ниязбек уулу (1790-1854-жж) кезинде кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин “Жер ортосу” аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон бийлигине сокку уруп, чептерин талкалаткан.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Анда Ормон хан армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип, бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүйдү душмандардан коргогон.