Быйыл акча алмаштыруу жайларына 1 миллион сомдон ашык айып салынды

Улуттук банк быйыл 120 акча алмаштыруу жайларын текшерип, өлкөнүн негизги банкынын талаптарын аткарбаган 34 акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту. Андан тышкары бир акча алмаштыруу жайынын лицензиясы кайтарып алынды.

 

Улуттук банк мындан тышкары 23 акча алмашуу жайына 1 миллион 265 миң сом, ал эми өз алдынча эле акча алмаштыруу менен алектенип жүргөн 39 адамга 682 миң сом айып пул салган.

 

Банктарда 131 текшерүү жүргүзүлүп, кардарларды тейлөөнү жакшыртуу сунуштары берилди.