Бишкекте өткөн кайра шайлоонун алкагында добуштарды кол менен саноо аяктады

Бишкекте өткөн кайра шайлоонун алкагында добуштарды кол менен саноо аяктады. Ага ылайык, жыйынтык эсептөө аяктагандан кийин өзгөргөн жок. Боршайкомдун маалыматына ылайык, 51 шайлоо тилкесинен документтер Ленин округундагы шайлоо тилкесине өткөрүлүп берилди. ​

 

Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы электрондук маалыматтар менен дал келди.

 

Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер Кубанычбек Самаковго таандык. Ага 26,14 пайыз же 5 миң 279 адам добуш берген. Эске салсак, аталган округ боюнча кайра шайлоо                  10-сентябрда өттү.