Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын жаңы аянты автобустарды кабыл алууга даяр

Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын жаңы аянты автобустарды кабыл алууга даяр.

 

Автопарктын жалпы аянты 5 гектарды түзөт. Жанында ошондой эле автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча борбор жайгашкан.

 

Аймакка асфальт төшөлүп, жарык системасы өткөрүлүп, газ толтуруучу станциясы дагы бар. Эске салсак, учурда аталган паркта газ менен жүргөн 250 автобус тейленип жатса, дагы 250 транспорт ноябрда келет. Ал эми кийинки жылы автобустардын жалпы саны 1 миңге жетет, — дешти мэриядан.