Ордо калаада өтүп жаткан 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан
Иранды 13:1 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи бөлүгү Кыргызстан курамасынын 4:1 эсебинде
жеңиши менен жыйынтыкталса, экинчи бөлүктө биздин хоккейчилер жалпы эсепти 13:1ге теңеди.
Белгилеп кетсек, мелдеш шаардык муз аянтында 8-мартка чейин өтөт. Ага Кыргызстан, Иран,
Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалары катышууда.
Жүгүртмөгө ылайык, бүгүн муз аянтчасына Сингапур — Иран курамалары чыгат.