Португалиянын жылдыздуу форварды Криштиану Роналду жеңилүүсүз беттештер боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Португалиянын жылдыздуу форварды Криштиану Роналду жеңилүүсүз беттештер боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. Ал 1 миң 1 оюнду утулбай өткөргөн биринчи футболчу болуп калды.

 

Бул тууралуу Футбол тарыхы жана статистикасы боюнча эл аралык федерация маалымдайт.

 

1 миң 1 беттештин 28ин Роналду “Аль-Насрдын” курамында ойносо, 284ү “Манчестер Юнайтедде”, 114 – “Ювентуста”, мадриддик “Реалда” – 386, 21 беттеш “Спортинг” клубунда болсо, 168 оюн Португалия курамасы үчүн болгон. Жалпысынан форвард ар кандай командаларда   1 миң 183беттеш өткөргөн.