Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, декларация 1-апрелге чейин (дем алыш күндөрү дагы) эртең мененки саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.
«Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин деле тапшырса болот», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга боло турганы кошумчаланды.