Кыргызстанда дээрлик 72 миң чет элдик студент билим алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет элдик студенттердин басымдуусун Өзбекстан жарандары түзөт – 40 миңден ашык, Индиядан 15 миң, Пакистандан 8,5 миң, Казакстандан 3 миң 180 жаран келип окуса, Россиялык студенттердин саны дээрлик 2 миңди түзөт.