Бишкекте жалпысынан 21 тез татым жайы жабылды

Бишкекте жалпысынан 21 тез татым жайы жабылды. Алар текшерүүдө аныкталган бузууларды жойгонго чейин ачыла албайт.

 

Бул тууралуу Шаардык санэпидем көзөмөл борборунан билдиришти. 1-октябрдан тарта 71 тамактануу түйүнү текшерилди.

 

930 миң сомго айып салынды. Эске салсак, 1-октябрда ордо калаанын Чүй-Сүйүмбаев көчөлөр кесилишиндеги эки тез татым жайынан шаурма жегендер ууланган. Ооруканага жалпысынан 71 адам кайрылган, арасында жаш балдар дагы бар.