Бишкекте жана Ошто мэрди шайлоо башталды, Токмокто депутаттар чогула элек

Бишкек жана Ош шаарларында ушу тапта жергиликтүү кеңештердин жыйыны өтүп, мэр шайлоо маселеси каралып жатат. Бишкекте жалгыз талапкер Айбек Жунушалиев, Ошто да жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов көрсөтүлгөн.

 

Талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип, мэр катары аткарууну пландаган иштери тууралуу айтып берип жатышат.

 

Бүгүн 26-августка Токмок шаарында да мэр шайлоо пландалган. Жергиликтүү кеңештин отуруму 9да башталып, 12де аяктары белгиленген. Саат 10:30га карата, “Азаттыкка” маалым болгондой, 31 депутаттын 13ү гана чогулду.

 

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.