Бишкекте балдар жарылуучу заттан жабыркады

Бишкектеги Ала-Арча суусунда 2 бала колдо жасалган жарылуучу затты жардырып жаракат алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя 25-август күнү саат 17:30 чамасындаорун алган.

 

«Ала-Арча суусунда 2010-жылы туулган С.А. жана 2011-жылы туулган К.Н. аттуу балдар жарылуучу затты жардырып, жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган 2 баланы чыгарышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти. Балдардын абалдары туруктуу», — дешти мекемеден.