Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев жол эрежелерин бузган айдоочуларды уруксат кагаздарын тартып алуу менен коркутту

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев жол эрежелерин бузган айдоочуларды уруксат кагаздарын тартып алуу менен коркутту. Ал белгилегендей, учурда трассалар дээрлик бош болуп атканынан улам, айдоочулар ылдамдыкты жогорулатып, аварияга кабылууда.

 

Комендант уруксат кагаздары биринчи кезекте азык-түлүк ташыгандарга берилиши керектигин эскертти. Жол эрежелерин бузуу фактысы катталса, кагаздар тартылып алынат.