Жакынкы аралыкта Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2нин жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди, — деп билдирди
президент Садыр Жапаров. Анын айтымында, ушул жуманын аягына чейин Министрлер
кабинетинин токтому чыгат, энергетиктер башка процедураларды бүтүргөндөн кийин кызыл
китептерди чыгаруу башталат. Ошондой эле ЖЭБ-2нин жанындагы конушту
Бишкектин курамына киргизүү да каралат.