Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот

Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада күн сайын аба табы көтөрүлүп турат.

 

Алсак, бүгүн 2-4 градус жылуу болсо, шаршембиде мамычалар  +10 градусту көрсөтөт.

 

Түнкү суук дагы бир аз кайтат. Эс алуу күндөрүнө чейин жаан-чачын күтүлбөйт.