Кыргызстанда соңку күндөрү турукташып жаткан жылуу аба-ырайы жакында өзгөрөт

Кыргызстанда соңку күндөрү турукташып жаткан жылуу аба-ырайы жакында өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эс алуу күндөрү жылуу болот, сыртта аба табы +27 градуска чейин көтөрүлөт. Бирок дүйшөмбү, 17-октябрдан тарта күз күчүнө кирет.

 

Асманды ала булут каптап, кечинде жаан жаайт. Шейшембиде температура мамычалары +10дон ашык көрсөтпөйт. Жаан-чачын 23-октябрга чейин уланат.