Бишкектеги бардык кичи автобустар электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат

Кийинки жылдын апрель айына чейин Бишкектеги бардык кичи автобустар электроавтобустар жана газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда ордо калаада 744 автобус бар. Апрелге чейин алардын саны 1 миң 500гө жетип, 120 электробус алынат.

 

Алардын ар бири 4 дизелдик автобусту алмаштырып, 90-100 тонна солярканын күйүүсүн жокко чыгарат, — деди чиновник.