Оор жүк ташуучу унааларга жолдо жүрүүдө чектөөлөр киргизилди

Оор жүк ташуучу унааларга жолдо жүрүүдө чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин буйругуна ылайык, жалпы массасы 18 тоннадан ашкан машинелерге аба табы 28 градустан жогору болгондо эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин жүрүүгө тыюу салынат.

 

Мындай эреже 1-сентябрга чейин күчүндө болот.

 

Максаты – күн ысыкта жол катмарынын бузулушун алдын алуу. Буйрук жүргүнчү, гуманитардык жардамдарды, тез бузулуучу азыктарды ташыгандарга тиешелүү эмес.