Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталды.
Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, азыр электр энергиянын суткалык чыгашасы 70 миллион киловатт-саатты түзүүдө.
Былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 55 миллион киловатт-саат болчу.
Авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн жарандарга жарыкты үнөмдөө сунушталат.