Бишкектеги “Манас айылын” реконструкциялоонун эскизине жарыяланган ачык сынактын жыйынтыгы чыкты.
“Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгы билдиргендей, сынакка жалпысынан 14 долбоор сунушталды.
Калыстар тобунун чечими менен 1-2 жана 3-орунду алгандарга 1,5 миллион, 1 миллион жана 250 миң сомдон сыйлык тапшырылмай болду.
Мыкты деп табылган долбоорлор эми курулуш жүргүзө турган мекемеге жөнөтүлөт жана ал жактан акыркы чечим кабыл алынат.