Бюджеттик мекемелерге көмүр сатып алууга керектүү 271 млн сомдун 11 миллиону гана бөлүндү

Быйыл бюджеттик мекемелерге көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270 миллион сомдон ашык каралса, учурда анын 11 миллион сому гана бөлүндү. Бул тууралуу Economist басылмасы Каржы министрлигине таянып жазды. Маалым болгондой, быйылкы жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жалпысынан 4 миллиард 500 миллион сомго жакын каражат каралса, анын 2,3 миллиард сому бөлүнгөн. Мындан ташкары, бул жылы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясына кеткен чыгымдарын жабууга 802 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө 480 миллион сом бөлүндү.