Санэпидем дээрлик 28 млн сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алат

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дээрлик 28 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алат.

Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Белгиленгендей, 81 миң доза өлкөгө 15-сентябрга чейин жеткирилиши керек.