Чүй облусунун Александровка айылындагы мектеп оңдолуп жатат

Чүй облусунун Александровка айылындагы мектеп оңдолуп жатат.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, объектинин чатыры толук жаңыртылып,

ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары аткарылууда. Иштерге аймакты

өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн. Жакынкы аралыкта спорт залы дагы оңдолуп,

эшик терезелери алмаштырылат. Эки кабаттуу имарат 60 жыл мурда 900 орунга чакталып салынган.

Учурда анда 1,5 миңден ашык окуучу билим алат. Эске салсак, 2019-жылы

аталган мектептин шыбы балаты майрамы өтүп жатканда жерге түшкөн.