УКМКнын Жайыл райондук бөлүмү оңдоодон кийин ачылды

Бүгүн, 19-октябрында Кара-Балта шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.