Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 463 бала билим алат.
Бул тууралуу облустук жыйында айтылды. Маалыматка караганда, күбөлүгү жок балдардын саны жыл сайын өсүүдө.
2 ай мурун тиешелүү адистерге тапшырма берилгени менен, жыйынтык болгон эмес.
Балдар мектепти аяктагандан кийин аттестат ала албай калышат, — деп айтылат маалыматта.
Кошумчаласак, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
ушул айдын аягына чейин балдарды документтештирүү жеңилдетилген түрдө деп билдирди.